---
metadata:
  - name: generator
    content: Diplodoc Platform v5.62.0
alternate:
  - en/
  - hy/
  - kk/
  - ky/
  - ru/
  - uz/
  - href: https://fasten.com/legal/pp_uz/ky/index.md
    type: text/markdown
    title: Markdown version
---
# FASTEN СЕРВИСИНИН жеке маалыматтарды иштетүү тууралуу билдирмеси

Fasten сервиске жеткилик берген мобилдик жана веб-колдонмону (мындан ары «колдонмо» же «колдонмолор») билдирет, ал колдонуучуга Fasten мобилдик колдонмосунун жана веб-сайтынын жардамы менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу боюнча кызматтарга же автоунаа транспорту менен жүк ташуу кызматтарына болгон колдонуучунун потенциалдуу суроо-талабы жөнүндө маалыматты жайгаштырууга, ошондой эле көрсөтүлгөн чөйрөдө кызмат көрсөтүүчү уюмдардын сунуштары жөнүндө маалымат менен таанышууга жана колдонуучу тарабынан берилген параметрлер боюнча мындай сунуштарды издөөнү ишке ашырууга мүмкүндүк берет (мындан ары — «Сервис»).

## 1. Жеке маалыматтарды иштетүү жөнүндө билдирме деген эмне?

Сиз бизге жеке маалыматтарыңызды ишенип бересиз, биз бул жоопкерчиликке олуттуу мамиле кылабыз. Биз сиздин жеке маалыматтарыңызды коргоого жана сиз жөнүндө маалыматты кантип иштетээрибиз тууралуу ачык болууга милдеттенебиз.

Ушул Жеке маалыматтарды иштетүү жөнүндөгү билдирме биз кайсы жеке маалыматтарды жыйнаарыбызды, аларды кантип жана эмне үчүн колдонорубузду жана өткөрүп берээрибизди, ошондой эле жеке маалыматтардын субъекти катары сизде кандай укуктар бар экендигин түшүндүрөт.

## 2. Жеке маалыматтарды ким иштетет?

2.1. Сиз жайгашкан регионго жараша, Сервис жеке маалыматтардын оператору катары чыккан жана жеке маалыматтарды иштетүүнүн максаттарын жана каражаттарын аныктаган ар кандай юридикалык тараптар (мындан ары - «Fasten») тарабынан көрсөтүлөт.

#|
|| Өлкө | Аталышы | Дареги ||
|| Казакстан | «Y. Taxi Qazaqstan» ЖЧШ | БИН 160540014930, Алматы шаары, Медеу району, Нурсултан Назарбаев проспекти, 100/4-үй, 105-кеңсе ||
|| Өзбекстан | «YGO UB» ЖЧК | Өзбекстан Республикасы, Ташкент шаары, Лолазор МСГ, Фидокор көч., 30-үй ||
|| Армения | «Райдтех ЭйЭм» ЖЧК | Армения Республикасы, Ереван, Московян көч., 35-үй ||
|| Кыргызстан | «СапарТех КейДжи» ЖЧК | Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Октябрь району, Горький к., 1⁄2, «Технопарк» СБ ||
|#

2.2. Биздин колдонмолор Яндекс ID'ни бирдиктүү авторизация куралы катары колдонот. Бул курал сиздин мобилдик операторуңуздун өлкөсүнө жараша ар кандай компаниялар тарабынан, Яндекс ID'ни колдонуу шарттарында ([https://yandex.com/legal/id_termsofuse/en/](https://yandex.com/legal/id_termsofuse/en/) дареги боюнча жеткиликтүү) көрсөтүлгөндөй берилет. Бул компаниялар сиздин жеке маалыматтарыңызды кантип иштетерин билүү үчүн Яндекс ID'нин Жеке маалыматтарды иштетүү тууралуу билдирмеси менен таанышыңыз ( [https://yandex.com/legal/id_privacy_policy/en/](https://yandex.com/legal/id_privacy_policy/en/) дареги боюнча жеткиликтүү).

## 3. Сиздин кайсы жеке маалыматтарыңыз иштетилет, кантип жана эмне үчүн?

3.1. Жеке маалыматтардын категориялары, иштетүүнүн максаттары жана иштетүү үчүн укуктук негиздер төмөндөгү таблицада баяндалган.

#|
|| **Жеке маалыматтардын категориялары** | **Максаттар** | **Юридикалык негиздер** ||
|| Аты же купуя ысымы

Байланыш телефон номери | Өз аккаунтту каттоо үчүн

Сизди колдонуучу катары идентификациялоо жана авторизациялоо үчүн

Сиздин буйрутмаңыз боюнча сиз менен байланышуу үчүн

Төлөмдөрүңүздү иштетүү үчүн | Келишим ||
|| Бара турчу же жеткирүү даректери | Сиздин региондо буйрутма кылуу, сатып алуу жана жеткирүү үчүн жеткиликтүү болгон кызматтарды же товарларды сизге көрсөтүү үчүн

Сиздин буйрутмаңызды жол-жоболоштуруу, иштетүү жана аткаруу үчүн

 Сизге даректерди тез тандоого жардам берүү үчүн | Келишим ||
|| Сиздин каалооңуз | Сиздин буйрутмаңызды каалоолоруңузга ылайык иштетүү жана аткаруу үчүн | Келишим ||
|| Кредиттик же дебеттик картанын маалыматтары

Электрондук капчыктын реквизиттери

Мобилдик акча эсебинин реквизиттери

Төлөө ыкмасы | Төлөмдөрүңүздү иштетүү үчүн | Келишим ||
|| Сиздин сүрөт | Айдоочуга өздүгүңүздү ырастоо үчүн | Макулдук ||
|| Үн жаздыруу | Кырсык болгон учурда сиздин коопсуздугуңузду жана айдоочунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн | Коопсуздукту камсыз кылуудагы мыйзамдуу кызыкчылык ||
||^| Инцидентти иликтөөгө көмөктөшүү жана укук коргоо органдары менен соттук териштирүү үчүн далилдерди берүү үчүн | Коомдук кызыкчылык ||
||^| Кардарларды колдоо кызматын сизге көрсөтүү үчүн | Келишим ||
||^| Биздин кардарларды колдоо кызматынын сапатын көзөмөлдөө үчүн

Айдоочулар тарабынан көрсөтүлүүчү сервистин сапатын көзөмөлдөө үчүн | Биздин кызматтардын сапатын көзөмөлдөөдөгү мыйзамдуу кызыкчылык ||
|| Электрондук почта дареги | Сервис маалыматын сизге жөнөтүү үчүн

Кардарларды колдоо кызматына сиздин суроо-талабыңызды алуу жана иштетүү үчүн | Келишим ||
||^| Биздин өнүмдөр жана сунуштар, ошондой эле өнөктөштөрүбүздүн өнүмдөрү жана сунуштары жөнүндө сизге маалымат берүү үчүн

Сизди конкурска, маркетингге же башка иш-чараларга катышууга чакыруу үчүн | Макулдук ||
|| Колдонуучулардын байланыштары | Башка адам үчүн туруктуу эмес ташуу кызматына буйрутма берүү үчүн

Ишенген адамга өз маршрутту бөлүшүү үчүн | Макулдук ||
|| Формаларда жыйналган маалыматтар: аты-жөнү, телефон номери, электрондук почта дареги, колдонуучунун сын-пикири, билдирүү, рейтинг же сын-пикирлер | Фидбек алуу үчүн 

Кызматтарыбызды жакшыртуу үчүн | Биздин сервис жөнүндө пикирлерди алуудагы жана ушул пикирлердин негизинде сервисибизди жакшыртуудагы мыйзамдуу кызыкчылык ||
|| IP дарек

Түзмөктүн ID'си

Түзмөктүн тиби жана модели

Мобилдик операциялык система

Браузер же мобилдик колдонмо жөнүндө маалымат | Сиздин каттоо эсебиңизге жана биздин ИТ-системаларга коопсуз кирүүнү камсыз кылуу үчүн | Биздин системалардын жана колдонуучуларыбыздын маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылуудагы мыйзамдуу кызыкчылык ||
||^| Алдамчылык иш-аракеттерди алдын алуу үчүн | Алдамчылык иш-аракеттерин алдын алууда мыйзамдуу кызыкчылык ||
|| Геолокация маалыматтары | Айдоочулардын жеткиликтүүлүгүн текшерүү үчүн

Сизге айдоочуну дайындап берүү үчүн

Жайгашкан жерди айдоочуга жөнөтүү үчүн | Келишим ||
||^| Сиздин жайгашкан жериңиз жөнүндөгү маалыматтарды үчүнчү тараптарга берүү үчүн | Макулдук ||
|| Жарнамалык идентификатор | Таргеттелген жарнаманын жөндөөсү | Макулдук ||
|| Яндекс колдонуучусунун ID'си

Буйрутмалардын жыштыгы

Буйрутманы аткарууга кеткен убакыт

Эң көп буйрутулган кызматтар же товарлар

Колдонмолор менен өз ара аракеттенүүдө көрүлүүчү экрандар

Буйрутманын орточо баасы

Түзмөктүн заряд деңгээли | Колдонмолорубузду жана колдонуучулук сервисти жакшыртуу үчүн

Тиешелүү функцияларды камсыз кылуу

Колдонмолорубуздун колдонуучулук интерфейсин өзгөртүү үчүн | Биздин колдонмолорду, колдонуучулук тажрыйбаны жана кызматтарды жакшыртуудагы мыйзамдуу кызыкчылык ||
||^| Маркетинг максатында колдонуучулардын активдүүлүгүн талдоо

Биздин маркетинг жана бизнес стратегиябызды жакшыртуу үчүн | Маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүүдөгү мыйзамдуу кызыкчылык ||
||^| Сизди конкурска, маркетингге же башка иш-чараларга катышууга чакыруу үчүн | Макулдук ||
|| Сиздин буйрутмаларыңыз жөнүндө маалыматтар: буйрутманын датасы жана убактысы, берүү пункту, көздөгөн пункт, маршрут, баасы, төлөм реквизиттери жана байланыш маалыматтары | Сизге буйрутмаларыңыздын таржымалын берүү үчүн

Кайра буйрутуу функциясын иштетүү үчүн | Келишим ||
||^| Алдамчылык иш-аракеттерди алдын алуу үчүн | Алдамчылык иш-аракеттерин алдын алууда мыйзамдуу кызыкчылык ||
|| Буйрутмалар тууралуу маалыматтар жана сапарлар таржымалы

Байланыш маалыматтары

Социалдык тармактардагы аккаунт

Сиз бере турган же кардарларды колдоо кызматы сурай турган комментарийлер, тиркемелер жана башка маалыматтар | Кардарларды колдоо кызматын сизге көрсөтүү үчүн | Келишим ||
|| Сүйлөшүүлөрдү жаздыруу

Колдонмолордогу же башка ыкмалар аркылуу жүргүзүлгөн байланыштарыңыз

Сен берген башка маалыматтар | Биздин мыйзамдуу укуктарыбызды жана үчүнчү тараптардын укуктарын коргоо үчүн

Талаш-тартыштарды жана соттук талаптарды чечүү үчүн

Көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын көзөмөлдөө үчүн | Биздин укуктарды коргоодогу, талаш-тартыштарды чечүүдөгү жана кызматтарыбыздын сапатын көзөмөлдөөдөгү мыйзамдуу кызыкчылык ||
|#

3.2. Көрсөтүлгөн жеке маалыматтар аккаунт каттоо үчүн **милдеттүү** болуп саналат: аты же купуя ысымы, ошондой эле телефон номери.

Көрсөтүлгөн жеке маалыматтар сиздин аккаунтуңузду пайдалануу үчүн **милдеттүү** болуп саналат: жеткирүү же баруу даректери. Эгерде сиз бул маалыматты бербөөнү чечсеңиз, буйрутма жайгаштыра албайсыз.

3.3. Сиз жеке маалыматтарыңызды иштетүүгө **макулдук** берүүдөн баш тарта аласыз жана бул сиздин колдонмону пайдалануу мүмкүнчүлүгүңүзгө таасирин тийгизбейт. Сиз каалаган убакта биз менен байланышуу аркылуу же колдонмоңузда автоматташтырылган каражаттар бар болсо, аларды колдонуу менен макулдугуңузду кайтарып алсаңыз болот.

3.4. Автоунаада **аудио жана видео жаздыруу** чукул кырдаалдык функция болуп саналат. Ал айдоочу Яндекстин Колдонуу шарттарына ылайык чыр-чатак баскычын иштеткенде, коркунуч, чыр-чатак же кооптуулук болгон өзгөчө учурларда гана колдонулат. Талаш-тартыштарды чечүү жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында колдонуучуга да, айдоочуга да жаздыруу башталганга чейин кабар берилет.

## 4. Жеке маалыматтарыңыз кантип корголот?

4.1. Биз сиздин жеке маалыматтарыңызды уруксатсыз, кокустуктан же мыйзамсыз жок кылуудан, жоготуудан, өзгөртүүдөн, туура эмес пайдалануудан, ачыкка чыгаруудан же кирүүдөн, ошондой эле башка ар кандай мыйзамсыз иштетүүдөн коргоо үчүн тиешелүү техникалык жана уюштуруу чараларын киргиздик.

4.2. Бул коопсуздук чаралары техниканын азыркы деңгээлин, киргизүү чыгымдарын, иштетүүгө байланыштуу тобокелдиктерди жана тиешелүү жеке маалыматтардын мүнөзүн эске алуу менен ишке ашырылды.

4.3. Көпчүлүк учурларда жеке маалыматтар биздин кызматкерлердин катышуусу жок автоматтык түрдө иштетилет. Бирок, эгерде мындай жеткиллик зарыл болсо, сиздин жеке маалыматтарыңызга милдеттери бул маалыматты колдонууну талап кылган кызматкерлер гана жеткилик ала алышат. Бул кызматкерлер жеке маалыматтарды иштетүүнүн ички эрежелерин жана протоколдорун аткарууга, ошондой эле сиздин жеке маалыматтарыңызды коргоо үчүн коопсуздуктун техникалык жана уюштуруу чараларын сактоого милдеттүү.

## 5. Сиздин жеке маалыматтарыңызды ким менен бөлүшөбүз?

5.1. Сиздин жеке маалыматтарыңыз колдонмодо кызматтарды көрсөтүүгө түздөн-түз катышкан тараптарга (аткарылуучу кызматтарга жараша) өткөрүлүп берилет:

* Сиздин буйрутмаңызды алуу жана иштетүү менен алектенген жана ушул эле максат үчүн программалык чечимдерди камсыз кылган биздин өнөктөштөр;
* Электрондук транзакцияларды жеңилдеткен төлөм кызматтарын камсыздоочулар, электрондук капчыктарды камсыздоочулар жана мобилдик акча кызматтарын камсыздоочулар;
* Камсыздандыруу компаниялары;
* Биздин колдонуучуларга виртуалдык банк карталарын чыгарган өнөктөштөрүбүз;
* Аутентификация куралдарын берген биздин өнөктөштөр;
* Биздин аффилирленген жактар жана бизге серверлерди, маалымат сактагычтарды жана башка инфраструктуралык объекттерди камсыз кылган үчүнчү тараптар; жана
* Биздин аффилирленген жактар жана кардарларды колдоодо бизге жардам берген үчүнчү тараптар.

Жеке маалыматтарды иштетүүгө тартылышы мүмкүн болгон юридикалык жактар төмөнкү баракчада келтирилген: [https://yandexgo.com/legal/list_of_le_data_processing](https://yandexgo.com/legal/list_of_le_data_processing). Саналган юридикалык жактардын баары тең эле сиздин жеке маалыматтарыңызды иштетүүгө сөзсүз катышат дегенди билдирбейт.

5.2. Сиздин жеке маалыматтарыңыз колдонулуучу мыйзамдарга ылайык сиздин жеке маалыматтарыңызды алууга укугу бар жактарга өткөрүлүп берилет:

* Мисалы, эгерде укук коргоо органдары сиздин жеке маалыматтарыңызга жеткилик алууга мыйзамдуу укукка ээ болсо, же финансылык жөнгө салуучу органдар шектүү аракеттерди же транзакцияларды иликтөөгө тийиштүү укукка ээ болсо (колдонулуучу мыйзамдарга ылайык).

5.3. Сиздин жеке маалыматтарыңыз биздин колдонмолорду жакшыртууга жардам берген тараптарга өткөрүлүп берилет:

* Мисалы, биздин кызматтарды колдонууда келип чыккан техникалык каталар тууралуу маалыматтар биздин колдонмолорду иштеп чыгууга катышкан өнөктөштөрүбүзгө өткөрүлүп берилет.

5.4. Сиздин жеке маалыматтарыңыз сизге продуктулар, кызматтар жана сунуштар тууралуу кабарлап турууга бизге жардам берген тараптарга өткөрүлүп берилет:

* Мисалы, жарнамалык идентификаторлор же түзмөктөрдүн идентификаторлору бизге жарнамалык же аналитикалык кызматтарды көрсөткөн компанияларга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

## 6. Биз жеке маалыматтарды кимге беребиз?

Биз сиздин жеке маалыматтарыңызды өткөрүп берген тараптар ар кандай өлкөлөрдө жайгашышы мүмкүн.

Бул өлкөлөрдүн айрымдары колдонмо жайгашкан өлкөдөгүдөй маалыматтарды же маалымат субъекттеринин укуктарын коргоонун канааттандырарлык деңгээлин камсыз кылбашы мүмкүн. Мындай учурларда биз сиздин укуктарыңыздын сакталышын жана маалыматтарды өткөрүп берүү учурунда жана андан кийин сиздин жеке маалыматтарыңыздын корголушун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон процедураларды аткарабыз.

Сиз жеке маалыматтарыңыз өткөрүлүп берилиши мүмкүн болгон өлкөлөр жана көрүлгөн коопсуздук чаралары тууралуу маалымат алуу үчүн биз менен байланыша аласыз.

## 7. Сенин жеке маалыматтарыңыз канча убакытка сакталат?

7.1. Биз сенин жеке маалыматтарыңызды иштетүүнүн максатына жеткенге чейин иштетебиз.

7.2. Сактоонун иш жүзүндөгү мөөнөтү иштетилип жаткан жеке маалыматтарга жана иштетүү жүргүзүлүп жаткан өлкөгө жараша болот.

7.3. Биздин колдонмолордон жеке маалыматтарыңызды өчүргөндөн кийин да, эгерде мындай иштетүү мыйзам тарабынан талап кылынса же биздин жана үчүнчү тараптардын укуктарын же кызыкчылыктарын коргоо үчүн, баарынан мурда, соттук териштирүү контекстинде зарыл болсо, биз сиздин жеке маалыматтарыңызды иштетүүнү уланта беришибиз мүмкүн.

Маалыматтарды өчүрүү мүмкүнчүлүгү сөз жана маалымат эркиндигине тиешелүү мыйзамдар менен да чектелиши мүмкүн.

## 8. Сиздин кандай укуктарыңыз бар?

Жеке маалыматтарды иштетүү жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык сиз бир катар укуктарга ээсиз. Сиздин укуктарыңыз биз сиздин жеке маалыматтарыңызды иштеткен максатка жана колдонулуучу мыйзамдарга жараша болот.

Сиз ар дайым биздин аутентификация куралыбыздын жардамы менен колдонмого киргенден кийин өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызга өз алдынча кире аласыз, аларды оңдой аласыз же өчүрө аласыз.

Сиз биздин колдонмолор аркылуу кардарларды колдоо кызматыбызга кайрылып, төмөнкү укуктардан пайдалана аласыз.

**8.1. Жеткиликтүүлүк укугу**

Сизде ар дайым өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызга жеткиликтүүлүк бар. Сиз өзүңүздүн жеке маалыматыңыздын көчүрмөсүн суроого укуктуусуз.

**8.2. Түзөтүү укугу**

Сиз туура эмес, так эмес же эскирген деп эсептеген маалыматты жаңыртууну же оңдоону бизден суранууга укуктуусуз. Ошондой эле сиз толук эмес деп эсептеген каалаган маалыматты толуктоону бизден суранууга укуктуусуз.

**8.3. Келишимди кайтарып алуу укугу**

Сиз жеке маалыматтарыңызды иштетүүгө берген макулдугуңузду кайтарып алууга укуктуусуз, эгерде мындай иштетүү сиздин макулдугуңузга негизделген болсо.

**8.4. Өчүрүү укугу**

Сиз белгилүү бир жагдайларда өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызды өчүрүүнү бизден суранууга укуктуусуз, мисалы, эгерде маалыматтар биздин максаттар үчүн мындан ары керек болбосо, эгерде биз сиздин маалыматтарыңызды жарактуу мыйзамдуу негизсиз же башкача мыйзамсыз жол менен иштетип жатсак, эгерде сиз макулдугуңузду кайтарып алсаңыз (эгерде иштетүү сиздин макулдугуңузга негизделген болсо), же күчүндө болгон мыйзамдарга ылайык башка жагдайларда.

**8.5. Жеке маалыматтарды иштетүүнү чектөө укугу**

Сиз белгилүү бир жагдайларда өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызды иштетүүнү чектөөгө укуктуусуз, мисалы, эгерде сиз маалыматтарды оңдоо укугуңузду пайдаланууну кааласаңыз, маалыматтар оңдолгонго чейин аларды иштетүүнү чектөөнү бизден талап кыла аласыз.

**8.6. Каршы болуу укугу**

Сиз жеке маалыматтарыңызды иштетүү сиздин укуктарыңызды бузат деп эсептесеңиз, аларды иштетүүгө каршы чыгууга укуктуусуз. Каршы чыгуу укугу биз сиздин маалыматтарыңызды мыйзамдуу же коомдук кызыкчылыктардын негизинде иштеткен учурда гана ишке ашырылышы мүмкүн экендигине көңүл буруңуз.

**8.7. Даттануу укугу**

Биз ар дайым сиздин даттанууларыңызды жана сунуштарыңызды карап чыгууга даярбыз. Сураныч, аларды биздин кардарларды колдоо кызматыбызга жөнөтүңүз.

Эгерде сиз өз укуктарыңыз бузулду деп эсептесеңиз, көзөмөлдөөчү органга даттануу менен кайрылууга укуктуусуз. Ыйгарым укуктуу көзөмөлдөөчү органдардын тизмеси жана алардын байланыш маалыматтары төмөнкү дарек боюнча жеткиликтүү: [https://yandex.com/legal/yandexgo_list_of_sa/](https://yandex.com/legal/yandexgo_list_of_sa/).

## 9. Биз менен кантип байланышса болот?

9.1. Эгерде сизге жардам керек болсо, сиз системага киргенден кийин мобилдик колдонмо аркылуу колдоо кызматы менен байланыша аласыз.

9.2. Биздин маалыматтарды коргоо кызматкери (DPO) менен [data_privacy@yandex-team.com](https://yandexgo.com/legal/loco_privacy_notice/data_privacy@yandex-team.com?lang=ru) электрондук почтасы аркылуу байланыша аласыз.

9.3. Сураныч, сизди тез арада идентификациялоо жана суроо-талабыңызды натыйжалуу иштеп чыгуу үчүн билдирүүңүздө биздин колдонмого катталуу үчүн колдонгон телефон номериңизди көрсөтүңүз.

## 10. Бул документ кантип өзгөрөт?

Ушул Жеке маалыматтарды иштетүү жөнүндө билдирмеге олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген учурда, биз сизге кабарлоо үчүн каалаган жеткиликтүү каражаттарды (колдонмодогу push-билдирме, SMS же электрондук почта) колдонушубуз мүмкүн.

_Жарыяланган күнү: 29.09.2026_
